Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Беринг деңизинде климаттан улам он миллиард краб кырылып калды


Краб. Иллюстрация.
Краб. Иллюстрация.

Беринг деңизиндеги он миллиард крабдын ачкалыктан кырылып калышына аймакта климат өзгөрүп, күндүн ысып кеткени себеп. Science журналына жарыяланган баяндаманын авторлору крабдар мындан ары мурункудай көбөйбөй турганын белгилешүүдө.

Окумуштуулардын маалыматына караганда, аба табынын жогорулашынан улам кырылган крабдардын саны 45 жыл аралыгындагы эсепке караганда төрт эсе көп.

Изилдөөчүлөрдүн бири Коди Шувальски 2018-жылы Беринг деңизинде катуу күн ысып, эки жыл бою суу бетинин 4% гана муз менен капталып турганын белгиледи. Бул крабдардын жашоосу үчүн эң зарыл болгон муздак суунун жетишсиздигине алып келген. 2018-жылы аймактагы крабдардын салмагы азайып кеткени аныкталган.

Дагы бир окумуштуу Керим Айдиндин айтымында, тирүү калган крабдардын көпчүлүгү суунун ысышынан улам Беринг деңизине сүзүп өткөн "Тынч океан трескасы" деп аталчу балыкка жем болушу да мүмкүн.

Коди Шувальски Беринг деңизиндеги климаттын тездик менен өзгөрүшү андагы жан-жаныбарлардын жашоосуна таасир этип жатканын билдирди.

Беринг - Тынч океандын түндүк бөлүгүндөгү деңиз.

Крабдар дүйнө жүзүндөгү деңиз азыктарынын 20% түзөт. Жылына 1,5 млн тонна керектелет. Крабды эң көп экспорттоочу өлкөлөрдүн башында Орусия турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG