Иран: Эвин түрмөсүндөгү өрткө байланыштуу 40 кишиге айып тагылды

Эвин түрмөсү өрттөн кийин. Тегеран, 16-октябрь, 2022-жыл

Тегерандын прокуратурасы былтыр октябрда Эвин түрмөсүндө болгон өрткө байланыштуу 40 кишиге айып такты.

“Фарда” радиосу жазганына караганда, бул тууралуу 14-ноябрда билдирген судья Али Салехи кеңири маалымат берген жок. Кырсык учурунда сегиз айыпкер каза болгон.

Расмий версияда өрт абакта отургандар мушташканда тутанганы айтылып келет. Бирок активисттер Иран бийлигинин бул маалыматына ишенбейт.

Активисттер саясий туткундар, өкмөткө каршы акцияларда кармалгандар жана чет өлкөлүк жарандар да отурган абактагы өрт бекеринен чыккан жок деп эсептешет.

Айрым булактар “Фарда” радиосуна айтып беришкендей, абакта козголоң чыккан. Ошол маалда Ислам жумурияты студент Махса Амининин камакта каза болушуна байланыштуу башталган нааразылык акцияларынын кучагында калган.

2018-жылы АКШ Эвинди “адам укуктары одоно бузулган жай” деген "кара тизмеге" киргизген.

Дагы караңыз

Репрессияны көргөн, согушта туткунга түшкөн ТакырбашевБишкекте убактылуу башкалка жайлары иштей баштады Путин президентти шайлоо жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөрдү бекитти