Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

Путин президентти шайлоо жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөрдү бекитти


Путин президенттик шайлоо участогунда. Москва, 18-март, 2018-жыл
Путин президенттик шайлоо участогунда. Москва, 18-март, 2018-жыл

Владимир Путин Орусиянын президентин шайлоо жөнүндөгү мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдү бекитти. Документ укуктук актылардын расмий порталына жарыяланды.

Өткөн жумада алымча-кошумчаларды Федерациялар Кеңеши, октябрдын этегинде Мамлекеттик Дума жактырган.

Кабыл алынган өзгөрүүлөр шайлоо убагында маалымат каражаттарынын ишин татаалдаштырат. Алсак, шайлоо комиссияларынын жыйындарына катталган медиада расмий иштеген журналисттер гана кое берилет.

Добушканаларда мыйзамдын чегинде атайын уруксаты бар гана адамдар сүрөт же видео тарта алышат. Видео же сүрөткө тартууда шайлоонун купуялуулугу сакталууга тийиш деп айтылат.

Согуштук абал жарыяланган аймактар бар болсо, ал жердеги добуш берүү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы Коргоо министрлиги, Федералдык коопсуздук кызматы жана региондун жетекчиси менен кеңешкенден кийин чечим кабыл алынат.

Мындай абал орус бийлиги «жаңы региондор» деп атаган Украинанын оккупацияланган жерлеринде киргизилген.

Президенттик шайлоо Орусияда эмки жылдын 17-мартында өтүүгө тийиш. Путин ага катышарын азыр айта элек.

Байкоочулар Орусияда шайлоолор адатта ири мыйзам бузуулар, административдик ресурсту пайдалануу, сандарды түздөн-түз бурмалоо менен коштолорун белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG