Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Паранжыга, узун сакалга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитованын паранжы менен узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 14-ноябрда коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер мыйзам долбоору жарандардын дин тутуу эркиндигин чектебей турганын, конституциялык ченемдерди жана эл аралык стандарттарды сактоо менен иштелип чыкканын жүйө келтиришкен.

Документте эрежени бузгандыгы үчүн 2 миң сом айып пул салуу же 30 саатка коомдук иштерге тартуу сунушталууда.

Айып пул төлөөдөн Кыргызстанда убактылуу эмгек же кызмат иши менен жүргөн адамдар, ошондой эле дипломатиялык статусу бар чет өлкөлүк жарандар бошотулат.

Мажитова быйыл 7-сентябрдагы сессияда кыз-келиндердин паранжы кийгенин сындап чыккан. Өзбекстандын парламенти паранжы кийүүгө тыюу салганын мисал келтирип, Кыргызстанда да ушул өңдүү чараларды көрүү зарылдыгын айткан.

5-сентябрда Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасына көп аялдуулукту жактагандарды жазалоо, коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартуу жөнүндө мыйзам долбоору киргизилген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG