Ош шаардык кеңеши кезектеги сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алды. Жетигенов муну жеке кызыкчылыктарга байлады.
Ош шаардык кеңешинин 42 депутаты жашыруун добуш берүүгө катышты. Жыйынтыгында алардын 39у мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоп, үчөө каршы чыкты.
Депутаттар андан тышкары вице-мэрлерди кызматтан алуу сунушун берип, фракция лидерлери аларды колдогон. Депутаттар шаардык кеңештин токтому аткарылбай жатканын жүйө келтирген.
Ош шаардык кеңешиндеги “Улуттар биримдиги” фракциясынын төрагасы Данияр Абдуллаев 5-чакырылыштын депутаттары кабыл алган токтомдордун дээрлик жарымы аткарылбаганын айтты:
“Биз 5-чакырылышынын депутаттары 170 токтом кабыл алган экенбиз, анын 47 пункту аткарылбаптыр. Бул иштин жакшы жүрбөгөнүнөн кабар берет. Ош шаарынын мэри, анын командасы бир тараптуу иш алып баргандай сезилет. Булар курулуш тармагына көңүл бурганы менен социалдык, экономикалык маселелелер калып кеткендей болууда. Комитеттин төрагалары аткарылбаган токтомдор боюнча айтып жатат бул мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз болуп калды".
Ош шаардык кеңешинин дагы бир депутаты Эсенбек Арзиев мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин “Классик” мейманканасынын ишине байланыштырды.
"Азыркы ишенбөөчүлүк маселесине “Классик” мейманканасынын иши да түрткү берди. Ишкерлерди колдоо, экономиканы алдыга жылдыруу боюнча өкмөттүн, президенттин деңгээлинде айтылып жатат. Биздин шаар дагы ошол багытта кетиши керек эле. Азыр ким кысым кылып жатканын так айта албайм. Бирок шаардагы бардык иштерге мэр жооптуу”, - деди Эсенбек Арзиев.
Буга чейин жеке ишкер, Оштогу «Классик» мейманканасынын ээси Жаныбек Ажимаматов вице-мэр Замир Юсупов менен мэрдин кеңешчиси Абдүшүк Жураевдин үстүнөн шаардык кеңешке арызданганы маалым болгон. Ал өз арызында шаар күнүн белгилөөдө мэрия кызматкерлери бекер сый дасторкон даярдап берүүнү талап кылганына даттанган. Жеке ишкер мэриянын талабын аткаруудан баш тарткан соң, шаардагы мекеме-ишканалардын текшерүүлөрү күчөгөнүн айткан. Мэриянын кызматкерлери андай арыздан кабары жоктугун билдирип, ишкердин дооматтарын четке каккан. Ош шаардык кеңешинин депутаттык комиссиянын сунушу менен ишкердин арызын шаардык прокуратура карамай болгон.
Шаардык кеңештин жыйынында Ош шаарынын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө каршы чыккан депутаттар да болду. Алардын бири Бекболот Арзибаев токтомдордун аткарылбай калышына эл өкүлдөрүнүн да моралдык жоопкерчилиги бардыгын белгиледи.
“Бүгүнкү көтөрүлгөн маселеге мен каршымын. Токтомдор аткарылбай калса тиешелүү жетекчилер бар да. Баарына бир кишини күнөөлүү кылып салуу менимче туура эмес. Бардык нерсени өз учурунда айтыш керек. Депутаттардын арасында тендерлерге катышып, таза иштебегендер деле бар”.
Ош шаарынын башчысы Бакытбек Жетигенов бул кызматты бир жылдан бери аркалап келет. Ал Ош шаардык кеңештин депутаттарынын “токтомдор аткарылбай жатат” деген дооматын четке какты.
Мэр белгилегендей, токтомдордун 95% аткарылган, калган 5% бул кызматка келгенге чейин кабыл алынган.
“Депутаттардын жеке кызыкчылыктары бар. Эки жума мурун шаардык кеңештин төрагасы менен кезиккенбиз. Ал “депутаттар шаардын күнү белгиленгенде тамакка чакырган жок, жакшы көңүл бурбайт, чет элдик сапарларга алып чыкпайт деп таарынып атышат” деген. Карасам депутаттар бир эле жолу чет элдик сапарга барбай калышыптыр. Калгандарына бүт эле барышыптыр”, - деди Жетигенов.
"Азаттык" калаа башчысынын айткандары боюнча Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбековго кайрылды.
Назалбеков мэр Жетигеновго жолукканын ырастады. Анын айтымында, учурда мэрдин өзүнө, мэриянын ишине сын айткан депутаттарга "куугунтук болуп жаткандыктан" ушундай кадамга барышкан.
"Чет өлкөлөрдөгү кызматтык сапарларга тармактык профилдеги депутаттарды жиберүүгө негиз бар. Депутаттар Ошко техника болобу же инвесторлор келеби маалыматы жалпы эл өкүлдөрүнө жеткирет. Тамак-аш (чай) боюнча айтканы туура эмес, депутаттар ачка калган жок, алардын чайы керек эмес", - деди Назалбеков.
Бакытбек Жетигенов жыл башында "Ынтымак" каналына маек куруп, мэрияга караштуу кызматтарды ар кандай кландар башкарган система бар экенин, иш кылууга тоскоолдук жаратып жатканын айткан.
Апрель айында анын орун басары Жасур Азимов менен кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров иштен алынган.
Шаардык бийликтеги ишенимдүү булактар "Азаттыкка" вице-мэр жана кеңешчи мурдагы “Пионер” эс алуу багындагы жер тилкесине байланыштуу кызматтан кеткенин айткан.
Төрт фракциядан турган Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Ош шаары республикалык маанидеги макамга ээ, мэрди президент дайындайт.
Коомдо мэрдин иши жана шаардык кеңештин соңку чечими тууралуу ар кандай пикир бар. Оштун тургуну, тарыхчы Жолдошбек Бөтөнөев шаардык кеңештин бүгүнкү чечимине мындай баа берди.
"Бул мэрдин иш аракетин калыстык үчүн айтып коюшубуз керек. Аракет кылып жатат. Бул убакка чейин берген убадаларын акырындык менен чечип жатат десек болот. Бир заматта чечип койгонго каражат керек. Өзү негизи чарбага жакшы киши көрүнөт. Мэр менен жакындыгым деле жок. Бирок бүгүнкү шаардык кеңештин кабыл алган чечиминин артында кандайдыр бир күмөндүү жагдай бардай сезилди".
Бакытбек Жетигенов деген ким?
57 жаштагы Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп 2022-жылы 29-ноябрда дайындалган. Ага чейин “бийликти басып алуу беренеси” менен камалып чыккан Жетигеновдун бул кызматка барышы күтүүсүз кадрдык жүрүш катары бааланган.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 2021-жылы парламенттик шайлоонун алдында, 26-ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен , "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" биримдигинин он бештей өкүлүн кармаган. Алардын арасында ошол кездеги 6-чакырылыштын депутаты Бакытбек Жетигенов дагы болгон.
Парламентте кызуу талкуулардан кийин депутаттар аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген эмес. Башкы прокуратура парламент жоопко тартууга макулдугун бербеген соң депутат камактан бошотуларын, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген. Ошентип Жетигенов бир айдан кийин бошотулган.
Жетигенов парламенттин 5-чакырылышында “Ар-Намыс”, 6-чакырылышта КСДП партиясынан депутат болуп келген. 2014-жылы “Ар-Намыс” партиясында депутат болуп турган учурда ошол кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев "каралар" менен катышы бар делген 20га жакын адамдын ысымын атаган. Алардын арасында депутат Бакыт Жетигенов чүйлүк кримтөбөл Алмаз Бокушевдин досу экенин айткан болчу. Бирок Жетигенов криминал менен байланышын четке кагып, Бокушев менен чогуу окуганын айтып жүрөт.
2019-жылы Жетигеновдун аты Токмоктогу аткезчилик чырында да чыккан. Ошондой эле парламент имаратында кесиптеши Канат Исаев менен мушташканы айтылган. Айрым маалымат каражаттары ал чырга Исаевдин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап чыкканы себеп болгонун жазышкан. Жетигенов - журналисттерге ачык саясатчылардын бири. Ошондуктан ал жогорудагы айтылган сын-пикирлердин баарын убагында четке каккан.
Ош - Кыргызстандагы республикалык маанидеги эки шаардын бири. Калаада 320 миңден ашуун калк жашайт. 2022-жылга Ош шаарынын жалпы бюджети 1 млрд. 600 млн. 510 миң сом деп бекитилген. 2021-жылы казынанын көлөмү 1 млрд. 365 млн. сом болгон.
Шаардагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — таза суу. Тургундар ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин токтоп калат. Мындан сырткары, бала бакчалардын жетишсиздиги, ички жолдордун абалы, инфраструктура эгемендик алгандан бери оңдолбой турат.