Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:12

Ош шаарынын жаңы мэри жамаатка тааныштырылды


Бакытбек Жетигенов. Архивдик сүрөт.
Бакытбек Жетигенов. Архивдик сүрөт.

Ош шаарынын мэри болуп жаңы дайындалган Бакытбек Жетигенов мекеменин жамаатына тааныштырылып, кызматына киришти. Президент Садыр Жапаровдун аны шаар башчысы кылып дайындоо тууралуу жарлыгы бүгүн, 29-ноябрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланган.

56 жаштагы Бакытбек Жетигенов Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылыштарынын депутаты болгон. 2021-жылы ноябрда "Бийликти күч менен басып алууга даярдануу" деген айыптын негизинде кармалып, ошол эле жылдын 23-декабрында бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдугун берген эмес.

Кыргызстандын 2021-жылдын январында кабыл алынган жаңы Конституциясына ылайык, шаар мэрлерин президент өзү дайындайт. Ага чейин мэрликке талапкер жергиликтүү кеңеш аркылуу өтчү.

Ош шаарынын буга чейинки башчысы, 46 жаштагы Алмаз Мамбетов мэр болуп былтыр 26-августта шайланган. Ага Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 43ү макулдугун берген. Мамбетов ага чейин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG