Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Кыргызстанда 740 миңдей наристе бакчага барбайт


Пилоттук бала бакчанын ойноочу аянты. Касым конушу, Бишкек. 14-ноябрь, 2023-жыл
Пилоттук бала бакчанын ойноочу аянты. Касым конушу, Бишкек. 14-ноябрь, 2023-жыл

Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев бүгүн, 14-ноябрда Бишкектеги Касым жаңы конушунда жаңы бала бакчанын ачылышында сүйлөп жатып айтты.

Анын айтуусунда, бала бакчалар менен камсыз кылуу максатында жаңы пилоттук долбоор ишке кирди.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, Касым жаңы конушунда ачылган "Шоола" бакчасында балдардын уктоочу, ойноочу жана окуй турган жайлары бир жерде болот. Керебеттер жыйылып, балдардын оюндары жана сабактары үчүн кошумча бош мейкиндик түзүлөт.

Балдардын уктоочу бөлмөсү окуу жана ойноо үчүн да пайдаланылат. Муну менен бала бакчага кошумча 180 бөбөктү алуу мүмкүнчүлүгү жаралган.

Учурда Бишкекте 94 муниципалдык бала бакча бар, аларда 25 миң 408 бала тарбияланууда. Дагы 28 миң 494 бала кезекте турат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG