Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:41

Украиналык депутат орус чалгын кызматына иштеген деп шек саналууда


Украин парламентинин депутаты Александр Дубинский
Украин парламентинин депутаты Александр Дубинский

Украинанын Коопсуздук кызматы депутат Александр Дубинскийге мамлекеттик чыккынчылыкка шек саналып жатканы тууралуу кабар берилгенин, Киев соту аны 60 күнгө кармоо буйругун чыгарганын 14-ноябрда билдирди. Ал күнөөнү четке кагууда.

Буга чейин Украинанын Башкы прокуратурасы Жогорку Раданын (парламенттин) эки депутаты Орусиянын аскердик чалгын кызматына иштейт деп шек саналганы тууралуу маалымат тараткан.

Анда «Эл кызматчысы» партиясынын депутаты Александр Дубинский жана украин коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Леонид Деркачтын уулу Андрей Деркачтын ысымы аталган. Прокуратуранын маалыматына ылайык, кылмыштуу топко дагы үч киши, анын ичинде мурдагы аскердик прокурор кирген.

Дубинский Орусиянын пайдасына «маалыматтык-диверсиялык иш жүргүзгөн» деп айтылган. Буга Дубинский менен Деркачтын 2019-жылдагы маалымат жыйынында украиналык аткаминерлердин АКШдагы 2020-жылкы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу айткан сөздөрү мисал келтирилген. Украин прокуратурасы ошондо айтылгандарды жалган деп эсептейт.

2020 жана 2021-жылдары Кошмо Штаттары сөз болгон эки саясатчыга каршы санкция киргизген. Деркач америкалык шайлоого кийлигишкени, ал 10 жылдан ашуун орус атайын кызматынын агенти болгону айтылган. Вашингтон Дубинский Деркачтын тобунда Орусиянын дезинформация (атайылап жалган маалымат таратуу) өнөктүгүнө катышкан деп билдирген. Дубинский ошондон кийин партиядан чыгарылган, бирок көз карандысыз депутат катары мандатын сактап калган. Деркач январда украин жарандыгынан ажыратылып, депутаттык мандаты жокко чыгарлыган.

Шектүүлөрдүн баары 15 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Алардын позициясы Башкы прокуратуранын маалыматында жазылган эмес.

XS
SM
MD
LG