Фейсбуктагы пикири үчүн кармалган 70 жаштагы Салия Таштановага 50 миң сом айып салынды

Салия Таштанова

Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын иши боюнча Жалал-Абад шаардык соту 22-ноябрда өкүм чыгарып, ага 50 миң сом айып салды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Салия Таштанова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып салынган.

Пенсионерди 6-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери кармаган. 17-октябрда ал үй камагына чыгарылган. Адвокат Токтосун Жоробеков Таштанова "президент менен УКМКнын төрагасынын абройуна шек келтирди, элге чакырык жасады" деген жүйө менен кармалганын билдирген.

Аялдардын кармалышы боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында да маселе көтөрүлүп, депутат Гүля Кожокулова Башкы прокуратурадан толук маалымат берүүнү өтүнгөн.

Кыргызстанда соңку мезгилде бир катар оппозициячыл саясатчы, активисттер камакка алынды. Аларга "бийликти басып алууга аракет кылды" дегенден тарта "мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренесине чейин айыптар коюлду. Муну оппозиция бийликтин кысымы катары сыпаттаса, бийлик өлкөдөгү тартипти камсыздоо аракети деп түшүндүрүп келет. (MKt)

Дагы караңыз

Караколдо балдар зомбулугуна каршы форум өткөрүлдү Садыр Жапаров Бакуда БУУнун Борбор Азия экономикасы үчүн программасынын саммитине катышат“ЦУМ” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды