Бишкекте мыйзамсыз медициналык кызмат көрсөткөн 21 мекеме жабылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору Бишкек шаарында жана Чүй облусунда мыйзамсыз иштеп жаткан медициналык мекемелердин ишине бөгөт койду.

Аталган борбордун маалыматында, жалпысынан борбор калаадагы Ош базарынын айланасында иштеген 33 медициналык мекеме текшерилип, түрдүү мыйзам бузуулар боюнча 32 акт түзүлгөн. 21 мекемеге ишин токтотуу буйрук кылынган.

Мурдагы берилген эскертүүлөр боюнча чара көрбөгөн мекемелер боюнча 13 материал укуктук баа берүүсү үчүн Ленин райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Аламүдүн районундагы 11 стоматологиялык клиника текшерилип, төртөөндө гана Саламаттык сактоо министрлигинин уруксат кагазы болгону аныкталды. Лицензиясы жок иштеп жаткан мекемелерге айып пул салынып, иши токтотулду.

Саламаттык сактоо министрлигинин уруксат кагазы жок, санитардык коопсуздукту бузуу менен иштеп жүргөн менчик медициналык мекемелердин ишмердиги токтотулган учурлар буга чейин да болгон.

Калк арасында түрдүү оорулар, анын ичинде кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттин оор В, С, D түрлөрүнүн тарашына мыйзамсыз иштеген медициналык мекемелердин салымы да бар экени айтылып жүрөт.(ZKo)

Дагы караңыз

"Чек арасыз кабарчылар" жана DWA "Клоопту" колдоого чакырдыВенанын аянтында пианино ойногон кыргыз уулу РамилОрусияда жарандардын аскерге милдеттүү курагы узартылды"Апрелчилер" Бакиевдин келишине каршы экенин билдиришти