Италиялык студент кыздын өлүмүнө шектүү кармалды

Италияда аялдарга каршы зордук-зомбулукка каршы акциянын катышуучусу.

Италияда студент кыздын өлүмүнө шектүү Филипп Туретто Германиянын Лейпциг шаарында кармалып, Венецияга жеткирилди.

Падуа университетинин студенти Жулия Чеккетиндин сөөгү 18-ноябрда Порденон шаарынын чет жагындагы көлдүн жээгинен табылган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, судмедэксперттер маркумдун денесине 26 жолу бычак сайылганын аныкташкан.

Маалыматка караганда, Жулия жигити Филипп менен автоунаа токтоочу жайда уруша кетишкен. Көчөдөгү видеокамераларга тартылып калган кадрларда Жулия качып кетүүгө аракеттенгенине карабай, Филипп кызды уруп-сабап, машинага салып кеткенин көрүүгө болот.

Окуядан кийин Италияда миңдеген кишилердин катышуусунда жүрүштөр, мектеп, университеттерде акциялар өттү.

23-ноябрда Италиянын парламенти аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамды чукул кабыл алды.

Ага ылайык, эми зомбулук көрсөткөн адамдарга атайын байкоо жүргүзө турган электрондук каражат тагылат жана башка чаралар көрүлөт.

Италияда 2023-жылы 103 кыз-келин фемициддин курмандыгы болгон.

Дагы караңыз

Газага гуманитардык жардам жеткирилдиОрусияда Meta компаниясынын өкүлү Энди Стоунга издөө жарыяландыКөр сатууну тыюу сунушталган мыйзам долбоору талкууга коюлду