Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Газага гуманитардык жардам жеткирилди


Газага жеткирилген гуманитардык жардам
Газага жеткирилген гуманитардык жардам

Бирикен Улуттар Уюмунун гуманитардык жүк ташуучу 61 унаасы Газа тилкесинин түндүк аймагына келди. Бул Палестин - Израил согушу башталгандан бери бир сутка ичинде жеткирилген эң чоң жардам.

Газага суу, тамак-аш жана дары-дармектер жеткирилди. Акыркы күндөрү катуу кармаштар жүрүп жаткан "Ас-Шифа" ооруканасына 11 “Тез жардам” унаасы, үч автобус жана эвакуация жүргүзүүчү жүк машина жеткирилди.

Израилдин Ницана айылынан дагы 200 жүк ташуучу унаа жардам менен 25-ноябрдын кечинде келди. Мындан тышкары, 129 литр күйүүчү май кирди.

Газа тилкесинде 24-ноябрдан бери төрт күндүк мөөнөткө ок атышуу токтотулган. Бул убакыттын ичинде ХАМАС тобу 7-октябрда туткунга алган 50 аялды жана балдарды Израилге өткөрүп бериши керек. Израил болсо 150 палестиналыкты, аялдарды жана балдарды бошотмой болгон.

24-25-ноябрда ХАМАС бардыгы болуп барымтадагы 26 израилдикти жана 15 чет өлкөлүк жаранды бошотту, алардын көбү Тайланддын жарандары.

Бүгүн дагы барымтага алынгандар менен камалгандардын кезектеги алмашуусу күтүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча ХАМАСтын өкүлдөрү 13 израилдик жана жети чет элдиктин тизмесин берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG