Чет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүүдө

Москвадагы мигранттар. Архивдик сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда чет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүп жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, пилоттук долбоор биринчи Жалал-Абад облусунда башталып, Сузак районунун алты айыл аймагында үймө-үй кыдыруу учурунда чет жакта эмгектенин жүргөн адамдар тууралуу маалыматтар чогултулду. Алардын үй-бүлөлөрү маалымат базасына киргизилди.

Министрлик бул миграция жаатындагы статистиканы так чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турганын кабарлады. Эми бул системаны башка аймактарга да жайылтуу пландалууда.

Кыргызстандын 7 миллион калкынын 1 миллиондон ашууну миграцияда жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенип, теңинен көбү орус паспортун алган. (BTo)

Дагы караңыз

Ошто чек арачы жоокер этиятсыздыктан атылган октон көз жумганы кабарландыНевада университетинде ок атылып, үч адам набыт болдуTime “2023-жылдын адамы” деп ырчы Тейлор Свифтти атадыМектептердеги акча чогултууну токтотуу маселеси талкууландыСурабалдиева базарларга тышкы башкаруу киргизүү демилгеси тууралуу оюн билдирди