Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Сурабалдиева базарларга тышкы башкаруу киргизүү демилгеси тууралуу оюн билдирди


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева базарларда иштеген соодагерлердин Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы акциялары, ага бийликтин реакциясы тууралуу комментарий берди.

“Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып ал өкмөт ишкерлерге ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзбөгөнүн айтты. Ал соодагерлер ККМден мурда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазга (ЭТТК-ЭТТН) каршы чыгып жатканын, соодагерлер аны колдонуу өтө эле оор деп эсептей турганын билдирди. Маселе Жогорку Кеңеште бир жыл мурун эле көтөрүлгөнүн, бирок тиешелүү чаралар көрүлбөгөнүн кошумчалады.

Сурабалдиева базарларга тышкы башкаруу киргизүү демилгесин "мыйзамсыз" деп сынга алды:

“29-ноябрда Ошто биринчи Кара-Суу базарынын соодагерлери ККМди колдонууга каршы митингге чыгышты. Ошондон кийин Салык кызматы “Кара-Суу менен “Дордой” базарынын соодагерлери базардын ичинде ККМди колдонбой эле койсо болот” деп маалымат берди. Ушундан кийин башка да базарлардын ишкерлери да "митингге чыксак талабыбыз аткарылат экен" деп ойлоп калышты. Ишкерлер ККМге каршы чыкса, өкмөт өзүнүн кемчиликтери үчүн жоопкерчиликти базардын ээлерине оодарганы туура эмес. Митингдер тууралуу мүмкүн президентке убагында маалымат берилбей калган чыгар. Митингге чыккан соодагерлерди УКМКга суракка деле чакырышты. Өлкөдөгү миңдеген ишкерлерди суракка алганы менен маселе түшүндүрүү иштеринде болуп калды. Ишкерлер деле 30 жылдан бери патент менен иштеп келгенин айтып, бара-бара санариптештирүүгө өтүү керек экенин түшүнүп атышат”.

6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев “Кыргызстандагы базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деп жарыялаган.

Ал ири соода-сатык комлпекстеринин ээлери өлкөдөгү эң бай адамдар экенин билдирип, Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алканов жана башка кишилердин ысымын атаган. “Бул адамдар базарлардан ири кирешелерди көргөнү менен мамлекетке, коомго, кол алдындагы соодагерлерге мамилесин өзгөртпөгөнүн” айткан.

Анын алдында Садыр Жапаров 6-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы митингдер улана берсе, “базарларга өкмөттүн атынан “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизгендей, тышкы башкаруу киргизебиз” деген.

29-ноябрдан 5-декабрга чейин Бишкектеги жана аймактардагы чоң-чоң базарлардын соодагерлери ККМге каршы экенин билдирип нааразылык акцияларын өткөрүштү. Алар бийликтен патент системасын калтырууну талап кылып жатышат.

Бул окуялардан кийин Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында иштегендер менен жолугушуп, Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин айткан.

Базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек болчу. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын кайталап жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG