Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:11

Элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди


Элечек кийген кыз-келиндер. Бишкек
Элечек кийген кыз-келиндер. Бишкек

Кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими болгон элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди. Бул тууралуу уюмдун X социалдык тармактагы (мурдагы Твиттер) расмий баракчасына жарыяланды. Тиешелүү чечим ЮНЕСКОнун Мамлекеттер аралык комитетинин сессиясында кабыл алынган.

Элечек - ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролгон аялдардын баш кийими. Анын баш кеп, сала коймо, ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар.

Тарыхчылар айымдардын элечеги жаш өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык абалына карата ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер менен көркөмдөлгөнүн айтышат. Кыргыз элинде ар бир уруунун айымдары элечекти өз өзгөчөлүгү менен оронгон.

Буга чейин көкбөрү ат оюну ЮНЕСКОнун “Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине” кошулган.

Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине “Манас, Семетей, Сейтек” трилогиясы, төкмө акындардын өнөрү, ала кийиз, шырдак, ак калпак жасоо өнөрү, боз үйдү жасоо (Кыргызстан, Казакстан), Айтыш төкмөчүлүк өнөрү (Кыргызстан, Казахстан), лаваш, катырма, жупка жасоо маданияты (көп улуттук номинация) да кирген.

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын тизмесинде Сулайман-Тоо, орто кылымдарга таандык шаарлардын урандылары: Чүй облусундагы Бурана (Баласагын), Ак-Бешим (Суяб), Красная речка (Невакет) жана батыш Тянь-Шанда (Сары-Челек, Падыша-Ата, Беш-Арал коруктары) да бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG