Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

Сот Олжобай Шакирге айыбын угузду


Олжобай Шакир сотто. Аламүдүн райондук соту. 6-декабрь, 2023-жыл
Олжобай Шакир сотто. Аламүдүн райондук соту. 6-декабрь, 2023-жыл

Аламүдүн райондук сотунда 6-декабрда жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист Олжобай Шакирге айыптоо актысы угузулду. Прокуратура өкүлү "Олжобай Шакир Фейсбукта, ТикТокто "массалык башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келген, мындан сырткары элди митингге чакырган, "булардын тизгинин кагыш керек" деген сөзү азыркы бийликтин кадыр-баркына шек келтирип, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган" деп билдирди.

Олжобай Шакир айып менен макул эместигин билдирип, мойнуна алган жок.

Сот жараянында Олжобай Шакирдин жактоочусу Акмат Алагушев шектүүнүн ишине экспертиза жасаган эксперттерди чакыруу өтүнүчүн келтирди. Судья кийинки отурумда экспертти чакыруу чечимин кабыл алып, кийинки отурумду 12-декабрга белгиледи.

Олжобай Шакир быйыл 23-августта кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козгогон. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында кармалып турган активист айыптарды четке кагып келет.

Буга чейин атайын кызмат жазуучу "Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана жапырт башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгенин, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканын” билдирген.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келет. Камалганга чейин Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилишин сындап, ага каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта онлайн митинг өткөрүүнү демилгелеген.

Өзү абактан жазган каттарында онлайн-митинг калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин белгилеген.

Ал 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтты негиздеп, иштетип келген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG