Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Газа: Хан-Юнис шаарында көчө кармаштары жүрүп жатат


Хан-Юнус шаарындагы кармаш. 5-декабрь, 2023-жыл
Хан-Юнус шаарындагы кармаш. 5-декабрь, 2023-жыл

6-декабрда израилдик аскерлер Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарын курчоого алышты. АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобуна каршы согуштун алкагында ЦАХАЛ палестиналык анклавдын түштүгүндөгү операциясын күчөткөн.

Фран-Пресс (АФП) агенттиги аскерлер хамасчылар менен шаардын көчөлөрүндө, имараттарда кармашып жатканын жазып, израилдик кол башчыга шилтеме менен бул азыркы уруштагы эң курч салгылаш болуп калганын кошумчалады.

Газанын түндүгүндөгү дээрлик бардык райондордо турак жайлар, башка имараттар талкаланып, 2 миллионго жакын киши үйлөрүн таштап, бозгунга айланды.

АФП күбөлөргө таянып, израилдик танктар, БТРлер жана бульдозерлер шейшембиде эле Хан-Юнистин жанында байкалганын, уруш качкындарды кайрадан башкалка издөөгө түрткөнүн маалымдады.

Израилдин армиясы ХАМАС радикал тобунун түндүк Газадагы таяныч пункттарын көзөмөлгө алганын, эми согушкерлердин түштүктөгү жайларына каршы күрөшуп жатканын билдирди. "Индонезиянын ооруканасынын" жанында уюмдун бир нече кол башчысы жок кылынганы маалымдалды.

Ал эми ХАМАС башкарган тилкенин Саламаттык сактоо министрлиги Нусейрат качкындар лагерине урулган соккудан алты киши каза болгону, 14ү жараланганын билдирди.

Израил буга чейин анклавдын тургундарына түштүк аймактарга чыгып кетүү көрсөтмөсүн бергенде көбү Хан-Юниске качкан. БУУнун Палестиналык качкындар боюнча агенттигинин жетекчиси Филипп Лаззарининин айтымында, эми операция кеңейтилип, жайкын эл андан ары жер которууга аргасыз, “дүрбөлөң, коркуу сезими” өкүм сүрүп жатат.

Эл аралык гуманитардык уюмдар элге улам бир аймакка чыгып кетүү буйругунун берилишин айыптап, алардын барар жери калбай калды деп айтышууда.

Израилдин армиясы карапайым палестиналыктардын коопсуздугун камсыздоо чакырыктарына жооп иретинде эвакуация картасын жарыялады. Бирок Улуттар Уюму шейшембидеги билдирүүсүндө, Газанын ичинде коопсуз зона түзүү мүмкүн эмес деп сындады.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги уруш башталган 8 жумада 15 899 палестиналык каза тапканын, 70% аялдар менен балдар экенин билдирди. Согуш маалында бул маалыматты толук ырастоо мүмкүн эмес.

Израил ХАМАС кол салган 7-октябрдан бери 1200дөй киши каза тапканын, 240 чакты киши барымтага алынганын билдирген. Шейшембидеги маалыматка караганда, жерде операция башталгандан бери 79 жөөт аскери набыт болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG