Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Султанбекова тыштан башкарууну мамлекеттик ишканаларга гана киргизүүгө болорун айтты


Чолпон Султанбекова.
Чолпон Султанбекова.

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Кыргызстандагы базарлардын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу “Азаттыкка” комментарий берди.

Ал президенттин базарларга тыштан башкаруу киргизилет деген билдирүүсү тууралуу берген комментарийинде "убагында "Тураталы эл базарын" (ред: Кара-Суу) Курманбек Бакиевдер тартып алганын", ушул күнгө чейин соттошуу уланып келатканын айтты.

“Жеке мүлктү Конституция, мамлекет коргошу керек. Ага (ред: базарларга) тышкы башкаруу киргизип койсо рейдерликке жатып калат го. Бул туура эмес. Мисалы, сиздин үйгө эле бирөөнү киргизип койсо болобу? Ушундай эле да. Мамлекет жеке ишкердин тапкан мүлкүн, кирешесин коргоп бериши керек. Тыштан башкарууну мамлекеттик ишканаларга гана киргизсе болот”, - деди Чолпон Султанбекова.

6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев “Кыргызстандагы базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деп жарыялаган.

Ал ири соода-сатык комлпекстеринин ээлери өлкөдөгү эң бай адамдар экенин билдирип, Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алканов жана башка кишилердин ысымын атаган. “Бул адамдар базарлардан ири кирешелерди көргөнү менен мамлекетке, коомго, кол алдындагы соодагерлерге мамилесин өзгөртпөгөнүн” айткан.

Анын алдында Садыр Жапаров 6-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы митингдер улана берсе, "базарларга өкмөттүн атынан “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизгендей, тышкы башкаруу киргизебиз" деген.

29-ноябрдан 5-декабрга чейин Бишкектеги жана аймактардагы чоң-чоң базарлардын соодагерлери ККМге каршы экенин билдирип нааразылык акцияларын өткөрүштү. Алар бийликтен патент системасын калтырууну талап кылып жатышат.

Бул окуялардан кийин Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында иштегендер менен жолугушуп, Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин айткан.

Базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек болчу. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын кайталап жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG