"Азаттык - 70": Түркстан редакциясынын тарыхы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Быйыл "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтарынын ачылганына 70 жыл толду. Эң башында Түркстан редакциясы деп аталган. Радионун архивдик материалдарын барактап отуруп, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Батышта жашап калган советтик бозгундар, алардын алыскы мекениндеги окуяларга кайдыгер карабаган саясий уюмдары, улуттук тил, тарых, маданият, элдин келечегин өз алдынча аныктоо укугу жөнүндө жазган макалалары, программалары тууралуу видеотасманы сунуштайбыз.