Атайын кызмат депутатты "Салимбай байбачага кат жазган" деп айыптады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

10-январда Жогорку Кеңеш “Альянс” фракциясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди. Укук коргоо органдары депутатты "2022-жылы кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз өткөн" деп айыптоодо. УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев депутат Өзбекстандагы кримтөбөл "Салимбай байбача" деп таанылган Салим Абдувалиевге кат жазганын, анда Кыргызстандын кызмат адамдарына чара көрүү суранычы болгонун айтты. Ушул тапта Жамгырчиевдин каякта экени белгисиз.