Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

Бишкектеги кыш.

14-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлүүдө. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жерлерине кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5 градус, күндүз 10…15;

Таласта түнкүсүн -2…3, 7…12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түн ичинде 0…5, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнү -3…2, күндүз 3…8 жылуу. Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын түнкү температурасы 0…2 жылуу, күндүз 6…8 жылуу болот.

Нарындын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…-12 суук, күндүз дагы -2…-7 суук болот.

Бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -15…-20 суук, күндүз -2…-7.

Бишкек шарында түнкүсүн жаан жаашы ыктымал, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Борбордо абанын түнкү температурасы 3…5 жылуу, күндүз 13… 15 жылуу болушу күтүлөт.

Дагы караңыз

Орусиялык күчтөр Украинаны 40 ракета жана дрондор менен аткыладыДосоновдун кылмыш тобунун мүчөсү аялын эркектер менен тааныштырып, акча доолап жүргөнЭмил Жамгырчиев соңку жагдайлар тууралуу парламентте маалымат беретУкраинада 41 миң орус жоокери набыт болгону тастыкталдыАКШ Йемендеги хуситтерге дагы бир жолу сокку урдуТик Токтун колдонуучусу бийликти кулатууга чакырды делип кармалды15-январдан тартып Бишкекте жол кире кымбаттайт