Журналисттердин кармалышы эркин медиага басымбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

16-январдын таңында Кыргызстанда ондой журналисттин үйүндө тинтүү болуп, Ички иштер министрлиги аларды “Массалык баш аламандыктарга” айыптап жатат. Кармалган журналисттердин дээрлик баардыгы “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери.

16-январдын таңында Кыргызстанда ондой журналисттин үйүндө тинтүү болуп, Ички иштер министрлиги аларды “Массалык баш аламандыктарга” айыптап жатат. Кармалган журналисттердин дээрлик бардыгы “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери. Аны негиздеген Болот Темиров бул окуяларды журналисттик ишмердиги менен байланыштырып жатат. Милициянын маалыматында “Temirov Live” баракчаларындагы материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери аныкталганын айтууда. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө соңку тинтүү, камоолор, маалымат каражаттарынын абалы, сөз эркиндиги жөнүндө сөз кылдык.