Борбор Азия: Бутага алынган журналисттер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таңкы тинтүү жана кармоо, президентти сындаган блогерлерди абакка же психиатрикалык клиникаларга камоо, журналисттерди дискредитациялоо жана мүлкүнө кол салуу аракети, басма сөз эркиндигин чектеген жаңы мыйзамдар. Борбор Азияда көз карандысыз медиага басым-кысым, куугунтук күчөдү. Андай учурлар эмнеден кабар берет? Региондогу бийлик өкүлдөрү эмне себептен эркин журналисттерден чочулашат? Маалымат алуу жана эркин таратуу укугун чектөө кандай кесепеттерге алып келиши ыктымал?