Эл аралык журналисттер федерациясы (IFJ) Кыргызстандын бийлигин эки айга камакка алынган 11 журналистти бошотуп, журналисттик иликтөө жүргүзгөндөргө жана сөз эркиндигине басым-кысымды токтотууга чакырды.
Уюм ошондой эле Кыргызстан адам укуктары боюнча өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди сакташы керек экенин расмий Бишкектин эсине салды.
“Өлкө элитасынын арасындагы ыктымал коррупцияны иликтеген журналисттердин оозун жабуу максатында аларды куугунтуктоону авторитардык режимдер гана ишке ашырат. Биз Кыргызстандагы сөз эркиндигине каршы кооптуу жана тынчсыздандырган иштерге капаланып турабыз жана бийликти токтоосуз 11 кесиптешибизди бошотуп, аларга тагылган айыптарды алып салууга чакырабыз. Бийлик көз карандысыз журналистиканы сыйлашы керек”, - дейт Эл аралык журналисттер федерациясынын баш катчысы Энтони Белланжер.
17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист, кызматкер, активист эки айга камады. Сот алар 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) отурат деген чечим чыгарды.
“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.
Ички иштер министрлиги алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык тартипсиздиктер") 3-бөлүмү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу") менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышканын билдирген.
Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки айга камалган журналисттер тууралуу пикирин билдирип, аларды “адискөй эмес” деп сыпаттап, социалдык тармактар аркылуу “ар кандай, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирчү маалыматтарды жарыялап келишкенин”белгиледи.
Дагы караңыз
Казак парламенти Жакынкы Чыгышка бейпилдик күчтөрүн жиберүүнү чечтиСадыр Жапаров камалган журналисттер тууралуу пикирин билдирдиНАТО Европада соңку 40 жылдагы эң ири машыгуусун өткөрөт