Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Садыр Жапаров камалган журналисттер тууралуу пикирин билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 11 журналисттин эки айга камалганы жана аларга козголгон кылмыш иши, 24.kg маалымат агенттигине байланыштуу тергөө иштери тууралуу “Кабар” мамлекеттик агенттигине маек курду.

24.kg агенттиги тууралуу учкай пикиринде басылмага Кылмыш-жаза кодексинин "Согушту пропагандалоо" беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө жүрүп жатканын, бул иштер мыйзам талап кылгандай уланышы керектигин белгиледи.

Жапаров эки айга камалган журналисттер тууралуу да пикирин билдирип, аларды “адискөй эмес” деп сыпаттап, социалдык тармактар аркылуу “ар кандай, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирчү маалыматтарды жарыялап келишкенин” белгиледи.

Мамлекет башчы Кыргызстанда ар бир жарандын мыйзам алдындагы жоопкерчилигин эске салып, журналисттер менен блогерлер так маалымат таратуу үчүн жоопкер экенине токтолду.

Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бардыгын, бирок жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу мыйзамдар сакталышы керектигин айтты.

"Биз сапаттуу иликтөөчү журналистиканы колдойбуз. Бирок көп учурда блогерлер “чымындан пил жасаган” фактыларды жайылтуу менен же коомчулукту манипуляция кылып, дүрбөлөңгө салуу менен алек. Алардын материалдары ойдон чыгарылган маалыматтар менен эмес, фактылар менен бекемделиши керек. Биз коомдо көп пикирдүүлүктү колдойбуз, бирок мамлекеттин жок болушуна, тагыраагы, жоопкерчилиги жок сөз эркиндигине каршыбыз. Биздин эркиндигибиз Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргошу керек”, - деди президент.

Жапаров демократиялык өнүккөн өлкөлөрдө да сөз эркиндигин кандайдыр бир саясий максатка, коомдо туруксуздукту пайда кылуу үчүн колдонгондорго чектөөлөр бардыгын, андыктан Кыргызстанда да улуттук коопсуздукту коргоо үчүн зарыл чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист, кызматкер, активист эки айга камады. Сот алар 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) отурат деген чечим чыгарды.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

Ички иштер министрлиги алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык тартипсиздиктер") 3-бөлүмү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу") менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышканын билдирген.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жабдыктарын конфискациялап, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатканы маалым болгон, бирок атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек. Маалымат агенттигинин жетекчилери УКМКга 17-январда да сурак берип чыгышты.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, активисттер, юристтер Кыргызстандагы соңку окуяларга камтамасын билдирүүдө. "Журналисттерди коргоо комитети" кыргыз бийлигин көз карандысыз медианы куугунтуктоону токтотууга, камалган журналисттерди бошотууга жана медиа өкүлдөрүнө каршы ачылган кылмыш иштерин жабууга чакырды. “Кыргызстандын бийлиги көз карандысыз маалымат каражаттарына чабуулун жандантып, эми 24.kg жаңылыктар сайтына жана бир катар сыйлыктарга татыган коррупцияга каршы иликтөөлөрү менен белгилүү Темиров Live долбооруна киришти. Бийликтин күмөндүү негиздер менен алардын кеңселерин тинтип, буюм-тайымдарды конфискациялаганы тууралуу маалыматтар тынчсыздантат", - деди "Азаттыкка" уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын Нью-Йорктогу координатору Гүлноза Саид.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG