"Шовинисттик саясат тарыхтагы кандуу окуяларды жазууга тыюу салган"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тарыхчы-окумуштуу Аскар Беделбаевдин өз атасы Улуу Үркүн маалында Бедел ашуусунда төрөлүп, кийин экинчи дүйнөлүк согушка катышып, туткунга түшкөн. Ал эми чоң атасы 1916-жылкы Улуттук боштондук кыймылына катышып, Үркүн маалында Кытайга качып барып, кайра мекенине келген.

Тарыхчы-окумуштуу Аскар Беделбаевдин өз атасы Улуу Үркүн маалында Бедел ашуусунда төрөлүп, кийин Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан жана туткунга түшкөн. Ал эми чоң атасы 1916-жылкы Улуттук Боштондук кыймылына катышып, Үркүн маалында Кытайга качып барып, кайра мекенине келген. Кийин кулакка тартылган. Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл болду. Ушул окуяга карата Тарых илимдеринин кандидаты Аскар Беделбаев менен 1916-жылкы улуттук боштондук кыймылы жана кыргыз интеллигенциясынын кийинки тарыхый окуяларга таасири тууралуу маектештик.