Дүйнөнү ысык каптады. Кыргызстан кургакчылыктын каарын тартабы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

7 миллион калкы бар тоолуу Кыргызстан климаттык өзгөрүүлөргө, анын таасиринен пайда болгон жаңы реалдуулукка кантип ыңгайлашууда? Кыргызстан - таза энергиянын ири коруна ээ өлкөлөрдүн бири. Кыргыз бийлиги энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну көбөйтүү планы бардыгын, чакан ГЭСтер менен күн, шамал энергиясына басым жасарын жарыялады. 2023-жылдын жайы Жердеги метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы эң ысык мезгил болду.