Путин Батышты коркутту. Навальный жөнүндө үн катпады

Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 29-февралда Федералдык жыйынга кайрылуусунда Батыш Украинага аскер жөнөтсө, кесепети "трагедиялуу" болорун айтып коркутту. Буга чейин Франциянын президенти Эммануэл Макрон Украинага аскер жөнөтүү ыктымалдыгын жокко чыгарууга болбой турганын билдирген.

Путин Батышты коркутуп, Украинаны айыптады

Владимир Путин 29-февралда Федералдык жыйынга кайрылуусун Украина маселесинен баштады.

«Орусия азыр өз суверенитети жана коопсуздугу үчүн адилет күрөш жүргүзүп жатат», - деген Путин орус күчтөрүнүн Украинага басып киргенин «орусиялыктардын абсолюттук көпчүлүгү колдогонун» айтты. Кремль эки жылдан ашкан согушту «атайын аскердик операция» деп атап, канча киши жоготконун айтпайт.

Путин парламенттеги эки сааттан ашык сөзүндө Батыш өлкөлөрүн кайрадан сындады.

"Батыш Орусия Европага кол салганы жатат деп жалганды улантууда. Бул болбогон сөз. Украинага НАТО контингентин жөнөтүү тууралуу айта башташты. Бирок контингентин жөнөткөндөрдүн тагдыры эмне болгону биздин эсибизде. Эми интервенттер үчүн кесепеттер алда канча трагедиялуу болот. Бизде да алардын аймагын бутага алууга жөндөмдүү курал-жарагыбыз бар".

Орусиянын президенти Владимир Путин.

Ал Орусиянын жаңы куралдануусу тууралуу айтып, жакында күжүрмөн нөөмөттө турган райондордогу "Сармат" оор баллистикалык ракеталары көрсөтүлөрүн убада кылды. Путиндин айтымында, "стратегиялык өзөктүк күчтөр толук даяр» абалда турат.

Путин бир катар жаңы улуттук долбоорлорду жарыялады. Анын айтымында, "Үй-бүлө" долбоорунун алкагында, балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо программалары үчүн «кеминде 75 миллиард рубль» бөлүнөт. Путин ошондой эле үй-бүлөлүк ипотекалык программаны 2030-жылга чейин узартууну, энелик капиталды төлөөнү сунуштап жатканын айтты.

Буга чейин демографтар Орусияда төрөттүн төмөндөшүн белгилешкен. Көз карандысыз орус демографы Алексей Ракшанын айтымында, 2023-жылы Орусияда Чеченстанды кошпогондо, 1,213 миллион бала төрөлгөн. Бул 1991-жылдан берки эң төмөнкү жылдык көрсөткүч.

Орусия былтыр бул маселене чечүү үчүн жеке жана мамлекеттик клиникаларда абортко чектөө киргизе баштаган.

Макрондун сөзү, НАТОнун жообу

26-февралда Парижде Франциянын демилгеси менен Европадагы 20 өлкөнүн, АКШнын, Канаданын өкүлдөрү Украинадагы жагдайды талкуулаган. Анда Орусиянын кол салуусуна каршы туруу үчүн Украинага “орто жана алыс аралыкка жетүүчү ракета жана бомба” жөнөтүү максатында коалиция түзүү макулдашылганын француз президенти Эммануэл Макрон билдирген. Ошондой эле Макрон Украинага аскер жөнөтүү ыктымалдыгы боюнча азыр бир пикир жоктугун, бирок андайды жокко чыгарууга да болбой турганын кошумчалаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон. Париж, 16-февраль, 2024-жыл.

"Аскер жиберүүнүн айрым элементтерин актай турган коопсуздук зарылчылыгы жаралып калышы мүмкүн экенин жокко чыгарбашыбыз керек" - деген Макрон.

Макрондун билдирүүсү Франция менен Украинанын коопсуздук кепилдиги боюнча келишимге кол коюусунун фонунда өзгөчө резонанс жаратты.

Көп узабай Германиянын, Улуу Британиянын, Испаниянын, Польшанын жана Чехиянын өкмөт башчылары Украинанын аймагына өз аскерлерин киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышты.

"Украинада жердеги күчтөр, ал жакка Европа мамлекеттери же НАТО өлкөлөрү жөнөткөн аскерлер болбойт",- деп билдирди Германиянын канцлери Олаф Шольц.

Ал эми НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да альянс Украинага жардам берүү үчүн колунан келгендин баарын жасап жатканын жана ал жакка аскерлерин жөнөтүү планы жок экенин белгилеген.

Франциянын Эл аралык жана стратегиялык мамилелер институтунун изилдөөчүсү Фредерик Мауронун айтымында, Макрондун билдирүүсү Париждеги жолугушууда айрым өлкөлөр аскерлерин жөнөтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселени көтөргөнүн айгинелейт. Ал мындай оюн "Свобода" радиосу менен болгон маекте билдирди:

"Бул өлкөлөр Украинага качан аскерлерин жөнөтүүнү караштырышат? [Макрондун] жообу "кырдаалдын динамикасына жараша" болду", - деп белгиледи Мауро.

Эксперт эгер украин армиясынын фронттогу абалы кескин начарлап кетсе, чет элдик аскерлерди киргизүү маселеси дагы деле каралышы мүмкүн деп эсептейт.

"Менин оюмча эгер украин фронту кыйрап, орус аскерлери Киевди басып алса, кээ бир өлкөлөр Украинага аскерлерин жибериши мүмкүн".

"Навальныйдын өлүмүнө Путин жооптуу"

Эки саатка созулган кайрылууда Путин анын келишкис оппоненти Алексей Навальныйдын өлүмү тууралуу үн каткан жок.

Ал арада Европарламент Навальныйдын өлүмүн "адам өлтүрүү" деп атаган резолюцияны кабыл алып, бул үчүн жоопкерчиликти жеке Путинге жүктөдү.

Европарламент

Документте Орусиянын президенти Владимир Путин колониядагы оппозиция лидеринин өлтүрүлүшү үчүн жооп бериши керектиги айтылат. Резолюция үчүн европалык 547 депутаттын 506сы добуш берди.

"Орус бийлиги жана Владимир Путин атаандашы Алексей Навальныйдын өлүмү үчүн кылмыш жана саясий жоопкерчиликти тартышы керек" деп айтылат текстте. Евробиримдиктин депутаттары саясатчынын өлүмү боюнча көз карандысыз жана ачык эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты.

Резолюцияда Орусиядагы саясий системаны "коррупция күчөгөн консолидацияланган авторитардык режим" көзөмөлдөп, демократиялык процедуралардын артына жашынган азыркы орус жетекчилиги бурмаланган шайлоо аркылуу бийликте кала берери айтылат. Буга чейин Европарламенттин башчысы Роберта Мецола Орусиядагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы Навальныйдын өлүмүнө байланыштуу таанылбай турганын убада кылган.

Шайлоого даярдык

Владимир Путиндин 29-февралда Федералдык жыйынга болгон кайрылуусу президенттик шайлоону утурлай жасалды.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мурдараак Путиндин кайрылуусу анын шайлоо алдындагы программасы катары каралышы мүмкүн экенин билдирген.

Быйыл 17-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтөт. Ага катышуу үчүн БШКга Путинден тышкары Владислав Даванков, Леонид Слуцкий жана Николай Харитонов талапкер катары катталган.

Путин өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары бешинчи жолу эң жогорку кызматка аттанды. Мыйзам боюнча бардык талапкерлер шайлоо программасын 6-марттан кечиктирбестен жарыялашы керек.

Владимир Путин Федералдык жыйынга эки жыл мурда 21-февралда кайрылган. Анда сөзүнүн басымдуу бөлүгүн Орусиянын Украинага басып киргенин актоого арнаган.