Москва Германиянын элчисинен түшүндүрмө талап кылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украина аннексияланган Крымда Орусиянын кайгуул кемесин жок кылганын билдирди. Москва немис элчисин чакыртып, Германиянын аскер жетекчилигинин аракеттерин түшүндүрүүнү талап кылды. Кара-Сууда көмүрдүн исине ууланып каза болгон төрт адамдын сөөгү жерге берилди. Алардын үчөө балдар. Үй-бүлөнүн башчысы Орусияда миграцияда жүргөн. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда парламенттин камактагы депутаты, “мамлекеттик чыккынчылык” жана “алдамчылык” менен айыпталган Адахан Мадумаров суралып бүттү.