Кыргызстанда электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда 5-марттан тарта жарык маал-маалы менен өчүрүлө баштады. Энергетика министрлиги мындай чара Токтогул суу сактагычындагы суунун азайышына жана Токтогул ГЭСиндеги эки агрегаттын иши токтогонуна байланыштуу көрүлүп жатканын билдирди. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын Бишкектин административдик соту жокко чыгарды. Атазов бул тууралуу комментарий бере элек. "Супершейшембиде" АКШда Жо Байден менен Дональд Трамп ички партиялык шайлоодо жеңди.