11-мартка караган түнү жаан-чачын болот

Кыргызгидромет кызматы 11-мартка караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт деп кабарлады. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10,

Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 2...7,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -1...-6°.

Бишкек шаарында түндө жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 2…4°, күндүз 14…16°.

Дагы караңыз

Энергетика министрлиги жарыкты чектөө токтотулганын билдирди Курск облусундагы аткылоодо бир аял каза болгону кабарлануудаВаршавадагы форум: Кыргызстанда, Европада ийгиликке жеткен аялдар Мусулмандардын ыйык Рамазан айы башталууда