Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:19

Курск облусундагы аткылоодо бир аял каза болгону кабарланууда


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Жекшембиге караган түнү Орусиянын Курск аймагы аткылоого кабылганын облустун губернатору Роман Старовойт билдирди. Анын айтымында, снярд Кульбаки кыштагындагы үйгө тийип, бир аял каза болгон, анын жолдошу жараат алып ооруканага жаткырылган. Губернатор облустагы мунай базасына дрон кулап күйүп кеткенин кошумчалады.

Коргоо министрлиги абадан коргонуу системалары Белгород облусунун үстүндө эки учкучсуз учакты атып түшүргөнүн маалымдады.

Түндө Украинанын борбордук жана чыгыш аймактарында абадан айгай салынды. Киевдин кабарлашынча, орус армиясы "Шахед" тибиндеги дрондор менен чабуул жасады. Украинанын аскер-аба күчтөрү 39 учкучсуз учактын 35и атып түшүрүлгөнүн, жабыр тарткандар жоктугун кабарлады. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG