Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:04

Кыргызстан Эл аралык деңиз уюмуна мүчө болду


Эл аралык деңиз уюмуна мүчө мамлекеттердин желектери жана уюмдун эн белгиси.
Эл аралык деңиз уюмуна мүчө мамлекеттердин желектери жана уюмдун эн белгиси.

Кыргызстан Эл аралык деңиз уюмуна (IMO) мүчө болду. Аталган уюмдун сайтындагы маалыматка ылайык, Бишкек 2024-жылдын 27-февралынан баштап мүчөлүккө өтүү жөнүндөгү документти Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) сактоого тапшырган.

Эл аралык деңиз уюмунда 176 өлкө бар. Деңизге түз жолу жок Кыргызстан азырынча ага кирген акыркы мамлекет.

Аталган уюмдун башкы катчысы Арсенио Домингес Бишкекти бул кадам менен куттуктады. Кыргыз тарап маалымат бере элек.

Штаб-квартирасы Лондондо жайгашкан Эл аралык деңиз уюму БУУнун адистештирилген мекемеси. Анын негизги милдети суу жолундагы коопсуздукту жана ишенимди камсыз кылуу, ошондой эле деңиздердин булганышына жол бербөө.

Катчылык мүчө мамлекеттерге техникалык колдоо көрсөтүп, башка мүчө өлкөлөр менен кызматташуусуна жардам берет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG