Газада согуш уланып жатканда Орозо башталды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мусулмандардын ыйык Орозо айы бул жолу Газада согуш жүрүп жатканда башталды. Жер которгон палестиналыктар жан үрөп тамак-аш табуу аракетинде. БУУ тилкеде жарым миллиондон ашуун киши ачарчылык коркунучуна кептелгенин эскертти. Арачылардын Орозодо ок атууну токтотуу аракеттеринен майнап чыга элек.