Орусия: Шайлоо протоколдору 100% иштелип чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда 15-17-март күндөрү өткөн президенттик шайлоонун протоколдору 100% иштелип чыкканын бүгүн 18-мартта өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, азыркы президент Владимир Путин добуштардын 87,28% алды.

Путин, ошентип, мамлекетти дагы алты жыл башкаруу укугун алды.

Ага атаандаш болгон үч талапкердин бири да добуштардын 5% ала алган жок. КПРФтен Николай Харитонов 4,31%, «Новые люди» партиясынан Владислав Даванков 3,85% жана ЛДПРден Леонид Слуцкий 3,2% добуш алды.

Добуш берүүгө каттоодон өткөн шайлоочулардын 77,44% катышты. БШК төрайымы Элла Памфилова президенттик өнөктүктөр арасынан бул жолу шайлоочулардын катышуусу рекорддук деңгээлде болгонун айтты.

Шайлоочулардын укугун коргоочулардын "Голос" кыймылы Путиндин реалдуу оппоненттеринин бири да катышпагандыктан бул жараянды “имитация” деп атаса болорун белгиледи. (RK)

Дагы караңыз

Путинди куттуктаган өнөктөштөр, шайлоону сындаган лидерлер"Орусиядагы шайлоо эркин жана калыс өткөн жок" Тажикстанда банкирдин өлүмү үчүн беш киши өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылдыАфтандил Жоробековдун сотунда күбөлөр суралды