Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:03

Путинди куттуктаган өнөктөштөр, шайлоону сындаган лидерлер


17-март, 2024-жыл. Орусия
17-март, 2024-жыл. Орусия

Владимир Путин Орусиядагы президенттик шайлоодо, алдын ала эсептөөлөр боюнча, добуштардын 87% ээ болду. Маалыматтарда бюллетендердин 98% саналып бүткөн. Бул Путиндин бешинчи жолку президенттик мөөнөтү болот жана ал өлкөнү 2030-жылга чейин башкармакчы.

"Адилетсиз шайлоо болду"

Батыштагы бир катар лидерлер Орусиядагы президенттик шайлоону “эркин эмес жана адилетсиз” деп мүнөздөп, саясий оппоненттердин камалышын, Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарында добуш берүү уюштурулганын айыпташты. Путинди Түндүк Корея, Венесуэла, Борбор Азия жетекчилери куттукташты.

Владимир Путин Орусиядагы президенттик шайлоону жеңди. Бюллетендердин дээрлик бардыгы саналып бүткөн чакта ага добуштардын 87,3 пайызы берилгени маалымдалды.

“Путин, Батышты тынчсызданткан чексиз бийлик”. “Путин кайра “шайланды”, оппозиция ооздукталды”. Франциянын гезиттери дүйшөмбүдө ушундай аталыштагы макалаларды басып чыгарды.

Париждин Рейтер агенттиги сөзгө тарткан кээ бир жашоочулары Путиндин жеңишине таң калбаганын айтышат:

“Шайлоонун жыйынтыгы таң калтырган жок. Мен төрөлгөндөн бери эле Путин ар дайым утуп келген. Бул бир тамашага айланып калды. Мунун качан токтоору белгисиз. Улам кайталанган театрдай эле. Ал өз ролун аткарууда. Дүйнө өлкөлөрүн шайлоо болду деп ынандыргысы келет".

Берлиндин айрым тургундары Орусиядагы президенттик шайлоону “катастрофа”, “фарс”, күлкү келтирерлик деп аташууда:

"Оппозициялык саясатчы Навальныйга өлгөндөн кийин да кандай мамиле кылышканын көргөндө, ал адамдарга эмне деп айтарымды да билбейм. Кимдир бирөөнүн өмүрүн садага чабуусу да аларга жетишсиз болгондой".

Бюллетендердин дээрлик бардыгы саналып бүткөн чакта Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова Путинге шайлоочулардын 87,3% добуш бергенин билдирди. Бул 76 миллион кишиге тете. Элдин катышуусу 77,5 пайызга жакындады.

Ошентип, бешинчи ирет мамлекет башчылыкка ат салышкан Путин буга чейинкилерден көп добуш алды. Алсак, 2018-жылы ага шайлоочулардын 76,7% ишеним көргөзгөн.

Ошол эле маалда “Свобода” радиосу жазгандай, айрым көз карандысыз эксперттер ондогон региондордо шайлоого катышкандардын статистикасы бурмаланганын айтышат. Бирдей сандар Дагестан, Кемерово, Белгород облустарында жана башка жерлерде болуп чыкты.

Добуш берүүдөн кийин, дүйшөмбү күнү эртең менен Путин орусиялыктарга ыраазычылыгын айтып, өнөктүктүн жыйынтыгы коомдун биригүүсүнө, күчтүү болушуна шарт түзөрүн билдирди:

"Мындай биримдик бизге фронтто, экономикада, гуманитардык, социалдык долбоорлорду өнүктүрүүдө натыйжалуу иш алып барууга өбөлгө болот. Биздин чоң пландарыбыз бар".

Куттуктоо жана сын

Орус президентин кайра шайлануусу менен Москвага дос мамлекеттердин лидерлери куттукташты. Алардын катарында Түндүк Кореянын, Куба, Никарагуа, Гондурастын жетекчилери бар. Венесуэланын президенти Николас Мадуро Путинди “улуу ага” деп атап, анын жеңиши "көп полярдуу дүйнө курууга жардам берерин" билдирди.

Путинди куттуктагандардын арасында Борбор Азиядагы мамлекет башчылар да бар.

Ал эми Батыш лидерлери орус президентин куттуктабайт көрүнөт. Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Орусияда “чыныгы шайлоо” болбогонун айтса, Ак үй “добуш берүү эркин жана калыс өтпөгөнү айдан ачык” деп билдирди. Еврошаркет өнөктүк репрессиялардын эпкини менен, Украинадагы согуштун тушунда өткөнүн белгиледи. Батыш Украинанын убактылуу оккупацияланган жерлеринде да добуш берүүнүн уюштурулганын айыптап келатат.

"Украина аймагында мыйзамсыз шайлоо өткөрүлүп, шайлоочулардын тандоо укугу чектелген, ЕККУнун көз карандысыз байкоочулары катышпаган өнөктүктөн кийин Орусияда добушканалар жабылды. Муну эркин жана калыс шайлоо деп атоого болбойт", - деп жазды Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Х социалдык тармагына.

Шайлоого төрт талапкер катышты. КПРФ партиясынан Николай Харитонов 4,3% добушка ээ болду. Ал эми Владислав Даванков – 3,8%, Леонид Слуцкий – 3,2% алды. 1,4% бюллетендер жараксыз деп табылган.

Бул жолу алгачкы ирет добуш берүү үч күнгө созулду. Көз карандасыз байкоочулар жана эксперттер өнөктүктү эркин эмес жана атаандашсыз деп баалашууда. Орус оппозициясы шайлоонун акыркы күнү, 17-мартта "Путинге каршы чак түш" деген акция уюштурган.

Акцияга келгендердин узун кезеги

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы билдиргендей, Орусиянын Алматыдагы Башкы консулдугунун алдында добуш берүүгө келгендердин узун кезеги пайда болуп, саат 12де чогулгандардын айрымдары кол чаап турушту:

“Бул шайлоодон эч нерсе күткөн жокмун. Үйдө отуруп алган дагы болбойт. Навальныйдын командасы жана башкалар жок дегенде чыгып бир нерсе кылууга аракет кылгыла деп чакыргандан кийин, менимче бир нерсе кылуу керек”.

Орус оппозициясы жекшембиде «Путинге каршы чак түш» деген акцияны өткөрүүгө, саат 12ге шайлоо тилкелерине келүүгө үндөгөн. Демилгечилер Кремлдин саясатына нааразы болгондор санаалаштары менен жолугуп, алар жалгыз эместигин билишет деп түшүндүрүшкөн. Бул идеяны бир топ оппозициялык саясатчылар, анын ичинде каза болор алдында Алексей Навальный колдогон.

Австралиянын Сидней шаарындагы орус консулдугунун алдында акция катышуучулары НАТОго каршы ураан чакырган бийликчил орусиялыктар менен тиреше кетти.

Орусия 2008-жылы Грузия менен согушкандан кийин тараптардын дипломатиялык мамилелери үзүлгөндүктөн Тбилисиде добушкана ачылган эмес. Бирок ал жакта жашаган орусиялыктар митингге чыгып, саясий туткундарды бошотууну, Путинди жоопко тартууну талап кылышты.

Бир катар Телеграм-каналдар Орусиянын өзүндө жекшембиде саат 12де добушканаларга келгендер көп болгонун жазышууда.

Кармоолор

Орусиядагы саясий камоолорго байкоо салган «ОВД-Инфо» тобу жекшембиде, президенттик шайлоонун акыркы күнүндө 14 шаарда 65тен ашык киши кармалганын билдирди.

“Настоящее время” телеканалынын маалыматына караганда, Казан шаарында 20 киши кармалып, кийин кое берилди. Уфанын тургуну добушканада оппозициялык саясатчы, маркум Навальныйдын сүрөтүн үкөккө салууга аракеттенгенде, Москвада Навальныйдын сүрөтү тартылган футболка кийип барган киши кармалганы кабарланды. Санкт-Петербург шаарында бир аял шайлоо участогунун кире беришине Молотов коктейлин таштаганы, дагы бир нече киши бюллетендерге зеленка чачканы тууралуу маалыматтар тарады

Ошондой эле Москвада жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөсү Вячеслав Голиков “Навальный” деген жазуусу бар футболка кийип жүргөнү үчүн кармалганы кабарланды.

Дагы бир жерде үкөккө Навальный деп жазылган кагазды таштоого аракеттенген активистти кармап кетишти. Айрым шаарларда добушканалардын алдында полициянын күзөтү күчөтүлүп, автозактар тизилип турганы маалымдалды.

Саясат талдоочу Руслан Айсин акция өттү деп эсептесе болорун, айрым жерлерде эл чак түштө жапырт добушканаларга келгенин, Казанда алар полиция менен тиреше кеткенин “Настоящее время” телеканалынын эфиринде айтты:

“Саат 12де келгендердин көбү жаш муундун өкулдөрү болду. Бул – бардык мааниде эскирип калган Путиндин режими менен оң өзгөрүүлөрдү, кошуналар менен жаңжалдашпай, тынч жашоону эңсеген жаштар ортосундагы ажырымды көргөзөт. Менимче, бүгүн ушундай символикалык көрүнүшкө кубө болдук”.

Москва шаарынын прокуратурасы 17-мартта түштө шайлоого келүү чакырыгы “жарандардын өз эркин билдирүүсүнө жана шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук түзүү аракети деп бааланарын, катышуучулар кылмыш жообуна тартыларын эскерткен.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшембиде эртең менен шайлоочулардын жарымынан көбү онлайн же участокторго барып добуш бергенин билдирген.

Би-Би-Си маалымдагандай, айрым аймактарда элдин катышуусу буга чейинки жылдардан эселеп ашты. Анын ичинде бир жума бою аткыланып келаткан Белгород облусу да бар.

Шайлоонун алгачкы күнүндө, 15-мартта шайлоочулардын 38% ашууну, эртеси 58% көбү добуш бергени расмий маалымдалган.

Добушканаларда үкөктөргө өрт коюу, сыя, зеленка куюп, бюллетендерди жараксыз кылуу аракеттери катталган. БШКнын төрйымы Элла Памфилова ишембиде билдиргендей, бир жарым күндө 20 аймакта 21 киши үкөктөргө суюктук куюу, дагы сегизи өрттөө аракетин көргөнүн билдирди.

“Новая газета Европа” басылмасы жазганына караганда, Тергөө комитети шайлоонун биринчи күнүндө “шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуу” беренеси менен бери дегенде 15 иш козгоду.

Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведев шайлоого нааразылык билдиргендерди душмандарга, өзгөчө Украинага жардам берген “карасанатайлар”, “чыккынчылар деп атады.

Согуш убагындагы шайлоо

Киев, Батыштагы бир катар өлкөлөр, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарында добуш берүү өткөрүүнү мыйзамсыз аракет деп айыпташты.

Украин бийлиги ал жерлерде жашаган элди күчтөп шайлоого катыштырып жатканын буга чейин айтып келди.

Бир топ байкоочулардын пикиринде, Путин анча күчтүү эмес атаандашарын да шайлоого жолотпой, муну менен ишенимдүү утушту камсыздоону, жеңишин орус эли согушту колдойт деп көргөзүүнү максат кылат.

Рейтер агенттиги Москвадагы Кызыл аянтта шайлоодон кийинки ири митингге даярдык көрүлүп жатканын кабарлады. Иш-чарада Крымдын мыйзамсыз аннексиянын 10 жылдыгы да белгиленмекчи.

Ал ортодо Украина шайлоо жүрүп жаткан маалда Орусиянын аймагына чабуулдарын күчөттү.

17-мартта орус Коргоо министрлиги түн ичинде Москва, Калуга, Белгород, Курск, Ростов жана Ярославль облустарында украиналык 35 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Орус аскерлери Украинанын Харьков, Донецк жана Чернигов облустарын зениттик ракеталардан аткылаганы кабарланды. Одесса облусу кайрадан дрондордун чабуулуна кабылды.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары 18-мартта белгилүу болмокчу. Эң жогорку кызматтагы 5-мөөнөт үчүн ат салышып жаткан президент Владимир Путинден тышкары үч талапкер каттоодон өткөн. Үчөө тең Украинадагы согушту колдойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG