Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй баллистикалык ракета учурду

Иллюстрациялык сүрөт.

Түндүк Корея бүгүн 18-мартта Жапон деңизин көздөй бир нече баллистикалык ракета учурганын Түштүк Кореянын аскер кызматкерлерине таянып Reuters агенттиги билдирди.

Бул күнү Түштүк Кореяга иш сапар менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен барган. Ал Сеулда үчүнчү Демократия саммитине катышат. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Пхеньянды айыптаган билдирүү таратты.

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида да Түндүк Кореянын ракета учурууларын "улам жана көп кайталанып жатат" деп айыптады.

Өткөн аптада АКШ жана Түштүк Корея биргелешкен ири машыгуу өткөрүшкөн. Көп өтпөй Түндүк Корея да машыгуу уюштурган. Пхеньян Вашингтон менен Сеулдун аракетин ага кол салууга даярдык катары баалоодо. Сеул коргоо максатын гана көздөй турганын айтып келет. (RK)

Дагы караңыз

Путинди куттуктаган өнөктөштөр, шайлоону сындаган лидерлерОрусия: Шайлоо протоколдору 100% иштелип чыктыСот жазуучу Шакирди абакта калтырды "Орусиядагы шайлоо эркин жана калыс өткөн жок"