Караколдун жолу: Кар менен кошо "эриген" цемент арык

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын жолдору толук оңдолуп бүтүп калды. Жаңы салынган жолдун четине бетон арык жасалган. Тургундар борбордук көчөлөрдүн бириндеги бул лотоктордун кар менен кошо эрип, үбөлөнүп бузулуп жатканына нааразы болууда. Маалыматка караганда лотоктун ар бири 2760 сомдон сатып алынган, жалпысынан 3 миллион сомдон ашык кеткен. Шаар бийлиги курулуштун сапаты боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирди.