Орусиянын эки облусу дрон чабуулуна кабылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусия менен Украинанын чек аралаш аймактары аткылоого кабылганы кабарланды. Москва билдиргендей, Белгород жана Саратов облустарында дрондор атып түшүрүлдү. Белгород облусунун бийлиги миңдеген баланы эвакуациялоону чечти. Ал эми Пентагондун башчысы Украинанын "мамлекет болуп калышы коркунучта экенин" эскертип, АКШ кандай болсо да колдоону улантарын кошумчалады.