Көк бөрү: "Ынтымактын" жеңиши, жаанга карабай оюнду сүрөгөн күйөрмандар

Таластын "Ынтымак" командасы (көгүш формада) алты жолу катары менен Ноорузга арналган көк бөрү боюнча мелдештин финалына чыкты. Аталган мелдешти "Ынтымак" тогузунчу жолу утуп жатат. 

Нооруз-2024 республикалык мелдешинин тайпалык жана жарым финалдык оюндары "Ак кула" ат майданында, финалык беттештери курулушу жаңы башталган ат майданда өттү.

Жаанга жана ылайга карабай көк бөрүнү сүрөгөн күйөрмандар. .

"Ынтымак" командасынын оюнчусу Өмүрбек Эсен уулунун оюн учурунда аттан кулап түшүп, кайра туруп оюнду улантты. 

Жаңы ат майдан Сокулук районунун аймагында - Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот.

Финалдык беттеш алдында президент Садыр Жапаров ат майдандын курулушуна капсула салды.

"Оюн аябай оор болду. Өткөндө тайпалык оюнда утулган элек. Бүгүн утуп алдык. Эң башкысы финалдык беттеште эч ким жараат албады. Балдар аман, аттарыбыз аман", - деди "Ынтымак" командасынын оюнчусу Өмүрбек Эсен уулу. 

"Ынтымак" командасынын оюнчусу жеңишине сүйүнүп жатат. 

13-мартта башталган көк бөрү боюнча Нооруз-2024 республикалык мелдешине 39 команда катышты. Алар төрт лигага бөлүнүп ойноду. Жогорку лига - 6 команда, Биринчи лига - 11 команда, Экинчи лига - 16 команда жана Легендалар лигаcында 6 команда.

Жогорку лигада 3-орунду“Сары-Өзөн” командасы ээледи. Чүйдүн командасы коло байге үчүн беттеште "Мурас" командасын 7:1 эсеби менен жеңди.
 

Биринчи лигада "Намыс" командасы "Кара-Кулжа" командасын 3:0 эсеби менен утуп, чемпион болсо, Экинчи лигада Баткендин "Ак-Илбирс" командасы жеңүүчү болду. Легендалар лигасын "Сары-Өзөн" командасы утту.

"Достук" командасынын оюнчусу Манас Ниязов финалдык беттештен кийин.