Бишкекте катуу шамалдан бак-дарак кыйрап, имарaттар жабыркады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

28-мартта катуу шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарак кулап, автоунааларды басып калды. Катуу шамалдын кесепети тартылган сүрөт-видеолорду социалдык тармактын колдонуучулары жарыялашты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) мунун алдында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө секундасына 17-22 метрге жеткен шамал болорун эскертип, элге коопсуз жайларда болууну эскерткен.