Бишкек, Чүйдөгү катуу шамалдын кесепети

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

28-мартта Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамалдан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 26га жетти. Эки адамдын жамбашы сынып, калгандары башынан жаракат алган. Мындан тышкары 154 социалдык имараттын, жеке турак жайдын чатыры талкаланганы маалым болду.

Алардын арасында Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имараты жана мектеп, бала бакчалар бар.