Сахароводогу кырдаал. Мигранттар Москвага алган билетин тапшырууда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москвада 140тан ашык адамдын өмүрүн алган кандуу окуядан кийин Орусиядагы айрым мигранттар аларга мамиле катаалдаганын, басым-кысым жана текшерүү көбөйгөнүнө даттанышты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияда терроризмге каршы иш-чаралар жүрүп жатканын белгилеп, зарыл иши жоктор ал өлкөгө барбай турганы оң деп эскертти. Тажикстандан Орусияга каттаган жүргүнчүлөрдүн агымы кыскарды. Маалыматка караганда, Москвага барууну пландаган айрым тажикстандыктар билеттерин кайра тапшырууда.