Кёрлинг: Кыргызстан Олимп оюндарына катышууну көздөйт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда алгач ирет кёрлинг боюнча өлкө чемпионаты өттү. Кёрлингдин mixed double түрүнөн өткөн мелдешке төрт команда катышты. Кыргызстанда спорттун бул түрү менен 2016-жылдан тарта машыга башташкан. 2018-жылдан бери кыргыз атлеттер ар кандай мелдештерге катышып жүрөт. Өлкөдө кёрлинг менен 40ка жакын спортчу машыгат.