“Музейдин ичи тар, кышында жылыбайт”. “Ата-Бейит” кароого муктаж

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Ата-Бейит” - постсоветтик чөлкөмдөгү даректүү далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын көрүстөнү. Ага бөлүнгөн жылдык бюджет айлык-акыдан, социалдык төлөмдөрдөн жана кеңсе иштеринен артпайт. Музейди кармоо үчүн кошумча чыгымдарга акча табуу - талылуу маселе. Комплекстин жетекчиси Болот Абдрахманов тарыхый жайдын бүгүнкү абала менен тааныштырды.