Qazaq Air дрон чабуулуна кабылган Татарстанга каттамын токтотту

Татарстан. Дрон чабуулуна кабылган жер.

Казакстандын Qazaq Air авиакомпаниясы Орусиянын курамындагы Татарстан республикасынын борбору Казан шаарына каттамдарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу компания бүгүн 3-апрелде жарыялады, бирок канча мөөнөткө токтотуп жатканын маалымдаган жок.

5-апрелден тартып Актөбө шаарынан Казанга аба каттамдары «коопсуздук чараларынан улам» токтотулары айтылды.

Татарстандын Елабуга жана Нижнекамск шаарлары 2-апрелде учкучсуз учактардын чабуулуна кабылган. Бул шаарларда Орусия Украинага каршы чабуулдарда колдонуп жаткан учкучсуз учактар өндүрүлөрү айтылган ишканалар жайгашкан. Бул күнү Татарстан аймагы дрон чабуулуна биринчи жолу кабылган.

Жалпысынан жети киши жараат алган. Елабуга шаарында жабыркагандардын бири 17 жаштагы кыргыз жараны экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирген.

Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан тартып Татарстандагы "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагында ирандык “Шахед” чабуул коюучу дрондору "Герань-2" деген аталыш менен чыгарыла баштаган. Аларды "Алабуга Политех" коллежинин студенттери чогултары "Протокол" басылмасынын жана "РЗВРТ" Ютуб-каналынын журналисттери жүргүзгөн биргелешкен иликтөөдө айтылган.

Былтыр күздөн тартып Орусия Украинага каршы бул дрондордун кеминде 600үн колдонгону айтылууда. (RK)

Дагы караңыз

Стразерс: “Чет элдик өкүл” мыйзамы жарандык коомду аксататКазакстанда 10 жаштагы бала селде сууга чөгүп кеткени кабарландыБатыш Казакстанда өзгөчө кырдаал: Орусия суу агызгандан кийин абал курчуду"Кооптуу тенденция": Орусияда кыргыз жараны "терроризмди актаган" деп айыпталууда