Күрөш: Айсулуу, Айпери жана Тайырбек чемпион болду

Айсулуу Тыныбекова 30 жашта. Ал 2013-жылдан баштап (2018-жылды кошпогондо) Азия чемпионатына 11 жолу катышып, баарында тең байге алган. Азия чемпионаттарынан 6 алтын, үч күмүш, эки коло байге уткан.

Бишкекте өткөн финалдык беттеште Тыныбекова жапониялык балбан Сакура Мотоки менен күч сынашып, 9:6 эсебинде жеңди.

"Мен абдан кубанычтамын. Спорттук карьерамда бир да жолу Кыргызстанда күрөшкөн эмес элем. Бүгүн өз өлкөмдө алтын байге утуп, тарых жаратканыма жетине албай турам. Өткөн айда ооруп, эки жума төшөктө жатып калдым. Нурбек агай (кыз-келиндер күрөшү боюнча башкы машыктыруучу) менен сүйлөшүп, Азия чемпионатына катышпай эле койсокпу дегенбиз. Бирок мен аябай катышкым келди. Анткени азыр өз өлкөмдө мелдешке катышпасам, качан катышат элем, дагы ушундай мүмкүнчүлүк келет беле? Эч нерсеге карабай катышып, алтын утуп турам. Кыргыз эли мага дайыма дем берет. Өз мекениңде күрөшкөн өтө өзгөчө экен", - деди Айсулуу мелдештен кийин. 

 

Тыныбекова Дүйнө чемпионатында үч алтын, бир коло байгеге ээ болгон. Олимп оюндарынын күмүш байгесинин, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Эми Айсулуу Тыныбекова Парижде өтө турган Олимп оюндарына катышат. 

Ишемби күнү кечинде балбан кыз Айпери Медет кызы да Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды.

76 килограмм салмактагы финалдык беттеште Айпери Медет кызы кытайлык Юань Хуангды 10:7 эсебинде жеңди. Ал финалдык беттешке чейин эки атаандашын уткан. Алгач чейрек финалда индиялык Прия Прияны 3:1, жарым финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 5:1 эсеби менен жеңди.

Айпери Медет кызы ушуну менен бешинчи жолу Азия чемпионатынын финалында күрөшүп, экинчи жолу Азия чемпиону болду. Буга чейин 2022-жылы Азия чемпионатын жеңсе, үч жолу күмүш байге алган (2020, 2021, 2023).

Айпери Медет кызы 25 жашта. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Азия оюндарынын алтын жана коло байгесинин ээси. Дүйнө чемпионатынын коло (2021) жана күмүш байгелеринин (2023) ээси.

Айпери былтыр Дүйнө чемпионатында күмүш байге алгандан кийин Парижде өтө турган Олимп оюндарына жолдомо алган.

13-апрелде кыргызстандык балбан кыздар Арууке Кадырбек кызы менен Гүлнура Таштанбекова коло байгеге ээ болушту.

55 килограмм салмакта Арууке Кадырбек кызы коло медал үчүн таймашта казакстандык Зульфия Яхьярованы жеңди.
 

Гүлнура Таштанбекова 68 килограмм салмакта дагы бир казакстандык Албина Каиргелдинованын далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда утту. Таштанбекова 2022-жылы Бишкекте өткөн күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында 65 килограмм салмакта Азия чемпиону болгон.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 16-апрелге чейин уланат. 15-апрелде грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтөт. Мында балбан Акжол Махмудов баштаган беш балбан килемге чыгат. 

Бишкекте өтүп жаткан чемпионатта кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу да алтын медал тагынды. Жумашбек уулу 12-апрелде эркин күрөштөн 61 килограмм салмакта финалда казакстандык Асылжан Айтакын менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңди. Ал былтыр Астанада өткөн Азия чемпионатында дагы чемпион болгон.

24 жаштагы Тайырбек Жумашбек уулу былтыртан баштап чоңдор арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештерге катышып келет.

Ал 2023-жылы Египетте өткөн Ибрахим Мустафа атындагы эл аралык рейтингдик мелдешти алтын, дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болгон.

Күрөштүн ушул эле түрүнөн Кыргызстандын эсебине күмүш байге алып келген Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта үч беттеш өткөрдү. Алгач 1/4 финалда кытайлык Бухирдун Бухирдунду 10:6, жарым финалда монголиялык Одгерел Баткхишигди 10:0 эсеби менен утуп, финалга чыккан. Алтын байге үчүн 2021-жылдагы дүйнө чемпиону, Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, ирандык Амир Заре менен беттешинде жеңилип, 2-орунду ээледи.

Айаал Лазарев 38 жашта. Ал 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет. Ушуну менен алтынчы жолу Азия чемпионатынын байгесине ээ болду. Буга чейин 2015-жылы Азия чемпиону аталса, 2021-жылы күмүш байгеге ээ болгон.
2010, 2013 жана 2016-жылдары Азия чемпионатынын коло байгелерин уткан.

2023-жылы Азия оюндарында коло медал тагынган. Олимп оюндарынын эки жолку катышуучусу. 2020-жылы Белградда өткөн Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген.