Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөштөн Азия чемпиону болду


Тайырбек Жумашбек уулу финалда кытайлык Лиу Мингуну (кызыл кийимчен)менен беттешти. Астана шаары. 14-апрель, 2023-жыл.
Тайырбек Жумашбек уулу финалда кытайлык Лиу Мингуну (кызыл кийимчен)менен беттешти. Астана шаары. 14-апрель, 2023-жыл.

Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу Астанада бүгүн, 14-апрелде аяктаган эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медал тагынды. Ал 61 килограмм салмакта финалда кытайлык Лиу Мингуну 4:2 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болду.

Ал чейрек финалда жапониялык Кодаи Огаваны 4:2, жарым финалда ирандык Ясин Аббасты 11:2 эсебинде утуп, алтын байге үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алган.

23 жаштагы Тайырбек Жумашбек уулу быйылтан баштап чоңдор арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештерге катыша баштады. Март айында Египетте өткөн Ибразхим Мустафа атындагы эл аралык рейтингдик мелдешти уткан.

2019-жылы жаштар арасында Азия чемпионатында коло, 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону, ушул эле куракта Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган.

Тайырбек жарым финалда ирандык Ясин Аббасты (кызыл кийимчен) 11:2 эсебинде утуп алды. Астана шаары, 14-апрель, 2023-жыл.
Тайырбек жарым финалда ирандык Ясин Аббасты (кызыл кийимчен) 11:2 эсебинде утуп алды. Астана шаары, 14-апрель, 2023-жыл.

Бүгүн Тайырбек Жумашбек уулунан сырткары кыргызстандык төрт балбан күч сынашты. 74 килограмм салмакта Алмаз Жапаркулов 3-орун үчүн беттеште бахрейндик Магомедрасул Аслоевге бир упайдын айырмасында жеңилди.

92 килограмм салмакта Мирлан Чыныбеков коло байге үчүн дагы бир бахрейндик Магомед Шариповго утулду.

Бир күн мурда күрөштүн бул түрүнөн кыргызстандык балбандар бир күмүш жана эки коло байге уткан. 57 килограмм салмакта Алмаз Сманбеков күмүш, 65 килограмм салмакта Улукбек Жолдошбеков менен Орозобек Токтомамбетов коло медалга ээ болду.

Чемпионаттын жыйынтыгында бир алтын, бир күмүш жана эки коло байге менен Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы 109 упай топтоп, командалык эсепте 16 команданын ичинен 6-орунду ээледи. 179 упай топтогон Казакстан командасы (төрт алтын, эки күмүш, бир коло) 1-орунду , 129 упай алган Жапония курамасы(бир алтын, бир күмүш, төрт коло) 2-орунду, 124 упайы бар Иран командасы (бир алтын, бир күмүш, үч коло) 3-орунду ээледи. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG