Казакстан, Орусия: Селдин зыянын эсептеген эч ким жок

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалпысынан Казакстанда сел каптаган айыл-шаарлардан эвакуациялангандар 108 миңден ашты, алардын дээрлик 38 миңи балдар. 12 миң киши кайра үйүнө кайтты. Азыркы тапта 7,5 миңдей киши убактылуу ачылган жайларда жашап жатат. 26-марттан бери Казакстанда сел каптаган аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан, Костанай жана Павлодар, жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Орусияда Тобол дарыясында суунун деңгээли кооптуу чектен ашты. Курган облусунда сел 880 үйдү каптаганын, кооптуу аймактардан дээрлик 13 миң киши эвакуация болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.