Тажикстанда ондогон үйлөрдү сел каптады

Тажикстан.

Тажикстанда ондогон үйлөрдү сел каптаганын бүгүн, 16-апрелде «Азаттыктын» тажик кызматы жазды. Айрыкча Вахдат шаарынын жана Рудаки районунун айрым жерлери жабыркаганы, сел 15-апрелге караган түнү жааган нөшөр жаандан кийин башталганы маалымдалды.

Расмий маалыматта айтылгандай, жергиликтүү тургундар арасынан эч ким жабыркаган жок.

Рудаки районунда 24 үйдү суу каптады.

Борбор калаа Дүйшөмбүдө нөшөр жаандан кийин айрым жолдор убактылуу жабык болуп турду.

Өзгөчө кырдаалдар комитети жаратылыш кырсыгы болгон жерлерге атайын техника жетиштүү жөнөтүлгөнүн, коргонуу жана тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Бирок, «Озоди» радиосунун кабарчылары жеринен маалымдагандай, техника жетишпей, адамдар тазалоо иштерин өз алдынча жүргүзүүгө мажбур болуп жатышат.

«Озоди» радиосу билдиргендей, Тажикстан түрдүү жаратылыш кырсыктарынан жыл сайын миллиондогон долларлык чыгым тартат. Жазында сел бир топ аймактарды каптайт. (RK)

Дагы караңыз

Былтыр Кыргызстанда сотторго каршы 11 кылмыш иши козголгонПрезиденттик администрация: "Соростун" жабылышын "Чет элдик өкүл" мыйзамына байланыштыруу туура эмес "Келбесе айлык албасын". Кнопка басуу адаты депутаттарды араздаштырды"Мырзанын үйүн суу жууп кетти". Оренбургдагы кыргыздар (видео)